ЖОЖдун улуттук рейтинги: «Ала-Тоо» Эл аралык университети экинчи орунга чыкты

Автор

Кыргызстандагы Жогорку окуу жайлардын улуттук рейтинги чыкты. Бул тууралуу Билим берүү тармагындагы сапатты камсыздоо боюнча DNET агенттиги жарыялады.
Маалыматка ылайык, ЖОЖдордун улуттук рейтинги – бул Жогорку окуу жайлардын көрсөткөн билим берүү кызматына, анын окутуучуларынын авторитетинин деңгээлине, программаларынын сапатына жана бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө баа берүү жана студенттердин, мугалимдердин таланттарын баалоо менен ченелет.
2023-2024 – жылдагы улуттук рейтинги жалпысынан 55 Жогорку окуу жайлары катышкан. Анын жыйынтыгында университеттер бардык 7 критерийдин айкалышынын негизинде бааланган. Биринчи орунда И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы турат. Ал эми экинчи орунда «Ала-Тоо» Эл аралык университети экинчи орунга чыкты. Баштапкы үчтүккө И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети кирген.
ЖОЖдун улуттук рейтингинин баштапкы 10 университети:
1. И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы
2. «Ала-Тоо» Эл аралык университети экинчи орунга чыкты
3. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети
4. Ош мамлекеттик университети
5. Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети
6. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети •
7. К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети
8. И. Арабаев атындагы. Кыргыз Мамлекеттик Университети.
9. М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети.
10. К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат 0,5 литр суунун баасы 110 сомго чыкканын айтты

Депутат Акылбек Түмөнбаев 0,5 литр суу 110 сом деп Экономика министри Данияр Амангелдиевге кайрылды эле ал “мындай баа жок”,- деди. “Силер билбейсиңер да, сизге мамлекеттин эсебинен бекер берилет. Андыктан, суунун баасын билбейсиз”,- деди депутат. “Урматтуу депутат, бизге бекер берилбейт. Биз деле сиз окшоп айлык маянага жашайбыз. Эл катары эле дүкөнгө […]

Сизге жагышы мүмкүн