reklam
reklam
hava 22° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.961 % 0.136
Соңку кабар
reklam
Google News

Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайга барышты

Son Güncelleme :

14 июня 2023 - 9:56

reklam
Жогорку Кеңештин депутаттары Кытайга барышты
reklam

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган депутаттар тобу Кытайга иш сапары башталды. Парламенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда иш сапарынын алкагында  эл өкүлдөрү бир катар объектилердин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Саясий партиялардын Кытай — Борбор Азия диалогунун алкагында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева баштаган парламент депутаттары Айбек Маткеримов, Балбак Түлөбаев, Улугбек Ормонов, Эмиль Токтошев жана Нуржигит Кадырбеков, ошондой эле саясий партиялардын өкүлдөрү Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрүшөт.

Алгач делегаттар Хайдиань районундагы шаардын Командалык борборуна барышып, акылдуу шаар системасы менен таанышты. Тагыраагы, инженердик тармактарды башкаруу, коомдук тартипти, жол жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү ж.б программалар көрсөтүлдү.

Андан соң депутаттар жана тараптардын өкүлдөрү Сяоми технопаркына барышып, электроника тармагындагы инновациялык жетишкендиктерди көрүштү.

Мындан тышкары, делегациянын мүчөлөрү Кытайдын Коммунисттик партиясынын тарых музейинде болушту.

reklam