ЖКда туристтерди кагып – силкпей, жумшак мамиле кылуу керектиги айтылды

Автор

“Кайрадан туристтик сезон башталып калды. Тийешелүү бардык тармактар өзгөчө иш алып барышы керек. Мына, кечээги окуялар да терс таасирин берип калды окшойт. Ошентсе да, бизге кошуна мамлекеттерден туристтер, блоггерлер келип, керек болсо, өлкөбүздү аябай жарнамалап жатышат. Ошон үчүн туристтер өлкөбүзгө кирип келатышканда чек арачыларыбыз же, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кагып – силкпей жылуу жумшак тосуп алышы керек”,- деп билдирди Таалай Сарбашов Жогорку Кеңештин жыйынында.
“Мындай аракетибиз аркылуу жакшы жагыбызды көрсөтүп, алардын коопсуздугуна шарт түзүп берген болоор элек”,- деди депутат.
Андан сырткары, багаар – көрөөрү жок балдардын мектепти аяктагандан кийинки тагдырына кайдыгер болбоону тапшырып, бул багытта социалдык өнүктүрүү менен билим берүү министрликтери биргеликте иш алып барып, балдарга мамлекет көзөмөл жүргүзүүсү керектигин баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкектеги 37 мектепте жайкы лагерлер ачылат

Бишкектеги 37 мектепте жайкы лагерлер ачылат Бишкек шаарында 3-июндан 28-июнга чейин борбордун 37 мектебинде 4 миң 275 баланы камтыган жайкы мектеп лагерлери уюштурулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп лагерлери 20 күн бою саат 8:00дөн 14:00гө чейин иштейт. Мындан тышкары июль айында окуунун отличниктери жана активисттери, ошондой эле аз […]

Сизге жагышы мүмкүн