

Быйыл Казакстанда бюджетти үнөмдөө максатында Жеңиш майрамынын урматына аскердик парад өткөрбөй туруу чечимине келгенин Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги билдирди.
«Казакстанда 2023-жылы аскердик парад өткөрүү бюджетти үнөмдөөгө, ошондой эле башка милдеттерди чечүү зарылдыгына байланыштуу пландаштырылган эмес. Учурда Коргоо министрлиги тарабынан аскердик-патриоттук иш-чаралар өткөрүлүп, өзгөчө айырмаланган аскер кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүүдө. Согушта курман болгон казак жоокерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу, эрдиктерин маалымдоо каражаттарында чагылдыруу иштери жүрүп жатат.