Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинде дайындалган Улан Карыпбеков парламенттеги комитет жыйынында өзү жетектеген агенттиктин аталышын айта албай койду. “Сиз тажрыйбалуу чекист, аскер адамы болсоңуз. Ушул кызмат сизге керек беле”,- деп сурады депутат Жеңишбек Токторбаев. Аталган жетекчи мукактанып, “ишеничти актаганга аракет кылам”,- дегенден башка жооп бере алган жок.
Кытай тилинде берген маеги дүйнөнү таңдантты
Ише Май 13 , 2023
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кытайдын ССТV телерадиокомпаниясына кытай тилинде маек берип, дүйнө элин таңдантты. Ал “Казак-Кытай” мамилесине токтолуп, “эки элдин ортосунда 1.700 км аралык болсо да, карым катнаш жогорку денгээлде өнүгүп жатат”,- деген. Кытай журналисттин “керемет кытайчаңыз бар экен, кытай адабияты менен тааныштыгыңыз барбы?” – деген суроосуна акын Лу […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2023/05/IMG-20230513-WA0005.jpg)