Жатаканада өрттөн 13 адам көз жумду

Автор

Алматыдагы мейманканадагы өрттөн эвакуациялангандар жакын жердеги мектепке жайгаштырылып, аларга ар тараптуу жардам көрсөтүлүүдө.
30-ноябрь күнү саат 08:40та өрт болгон жерден 59 адам эвакуацияланып, алардын үчөө саат 08:40та тез жардам ооруканасына жеткирилген.  “Учурда 56 адам жакын жердеги мектепке убактылуу жайгаштырылган. Ысык тамак берилип, керектүү медициналык жана психологиялык жардамдар толугу менен көрсөтүлүп жатат. Райондогу мейманканаларга жайгаштыруу бир сааттын ичинде камсыздалат”,-деп билдирди шаардык акимчиликтен.
Бүгүн таңга жуук Алматыдагы жатаканалардын биринде өрт чыккан.  Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр 13 адамдын сөөгүн табышкан.  Алардын өлүмүнүн себеби такталууда.  Өрт жатакана жайгашкан үч кабаттуу үйдүн биринчи кабатында болгон.  Жалпы аянты болжолдуу түрдө 30 чарчы метрди түзөт.  Жалпысынан окуя учурунда ал жакта 72 адам болгон, алардын 59у чыгарылган.
Жатакананын веб-сайтына же социалдык медиа баракчаларына шилтемелер жок.  2GISде көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык,  100 орундук жана баасы 2 миң теңгеден башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бош жумуш орундары жарманкесине 3 миңдей адам катышты

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн бош жумуш орундары боюнча жарманкеге 3 миңдей адам катышып, аларга 6 миңден ашык бош орундар тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу JIA бизнес ассоциациясынан кабарлашты. Кыргызстандын ар кайсы тармактарынан 80 алдыңкы компаниядан иш берүүчүлөр, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү менен баарлашуулар өтүп, кесипке багыт […]

Сизге жагышы мүмкүн