Жасалма интеллект адамзатты жок кылабы?

Автор

АКШдагы Жасалма интеллекттин коопсуздугу борбору жана башка эксперттик топтор бул тармактын өнүгүшү адамзаттын жок болуп кетүү коркунучун туудурарын эскертишти.
Алар бул тема боюнча талкууларга олуттуу караган эксперттердин жана коомдук ишмерлердин санын көбөйтүүгө үндөштү.
Адистердин айтымында, жасалма интеллекттен улам жок болуп кетүү пандемия, өзөктүк согуш сыяктуу глобалдык коркунучтар менен бирдей деңгээлде.
Буга чейин Twitter, SpaceX жана Tesla компанияларынын ээси Илон Маск, ошондой эле 1000ден ашуун илимий изилдөөчүлөр жана техникалык адистер жасалма интеллекти өнүктүрүүнү алты айга токтотууну талап кылган катка кол коюшкан. Бул коом жана адамзат үчүн олуттуу коркунучтарды жаратат деп эсептешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурдан Орунтаев отставкасы жөнүндө жооп берди

Бишкек шаардык Кеңешинин “Өнүгүү” фракциясынан депутат Жаныбек Асанбеков шаардык Кеңештин май айындагы отурумунда вице-мэр Нурдан Орунтаевди отставкага кетип-кетпешине кызыкты. “Батуми кафесин көчүрүп, кайра төлөп бермек болдуңуз. Өмүр бою тергөөчү болуп иштеген экенсиз, эми 3 млн сомду кайдан табасыз? Кылмыш иш козголду, отставкага кетесизби”,- деп сурады эле вице-мэр “менин отставкага кетип, […]

Сизге жагышы мүмкүн