reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 743.963 % -0.364
Соңку кабар
reklam
Google News

Жаратылышты өнүктүрүү фондунан эки киши кармалды

Son Güncelleme :

20 июня 2023 - 11:10

reklam
Жаратылышты өнүктүрүү фондунан эки киши кармалды
reklam

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын УКМК кабарлады. Алар жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шектелүүдө.

15-июнь күнү долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү  К.Т.К Кыргызстандан чыгып баратканда «Ак-Жол автожол» өткөрүү пунктунан кылтакка илинген. Ал эми 18-июнда анын милдеттерине долбоорлорду тандоо жана комиссиянын кароосуна коюу функциялары кирген эксперттик комиссиянын катчысы  И.Б.М. «Манас» аба майданынан колго түшүрүлгөн.

Бүгүнкү күндө, Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде К.Т.К. жана И.Б.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

reklam