Жапон накыл сөздөрү

Автор

Жапон накыл сөздөрү
1. Жиндилер менен даарып калгандардан жол талашпа.
2. Аял кааласа аска зоону тешип өтөт.
3. Кеткенди кармаба, келгенди кууба.
4. Тыным албасаң жай болсо да тез жүргөнүң.
5. Жамандын досу болгуча жакшынын касы болгон артык.
6. Жалпы болбой алпы болбойт.
7. Өйдөнү көксөгөн тепкич табат.
8. Эрди-катын кол менен көздөй болгону жакшы: кол ооруса көз ыйлайт, көз ыйлаганда кол сүртөт.
9. Күн туураны да, катаны да билбейт. Күн ким-бирөөнү жылытам дебей эле жарык чачат. Өзүн тапкан киши күнгө окшош.
10. Деңиздин улуулугу – майда өзөндөргө кесир кылбаганы.
11. Алыс жол жакындан башталат.
12. Ичкен киши шараптын зыянын билбейт; ичпеген киши пайдасын билбейт.
13. Кылычты өмүрүңдө бир колдонсоң да такай жаныңда жүрсүн.
14. Кооз гүлдөр жакшы жемиш бербейт.
15. Күйүт тытылган көйнөктөй, аны үйдө калтырыш керек.
16. Ашыгыңдын бетиндеги чечектин изи бетинин уясындай көрүнөт.
17. Төшөктө жатып эч ким мүдүрүлбөйт.
18. Бир жылуу сөз үч кыш бою жылытат.
19. Чечилчү маселеге санаа тартып кереги жок, чечилбес маселеге санаа тартуунун пайдасы жок.
20. Бутактын сүрөтүн тартканда желдин демин угуш керек.
21. Кишиден шек санагыча жети сыйра текшер.
22. Колуңдан келгенин кыл да, маңдайга жазганын көр.
23. Ашкере ак ниеттик аңкоолукка жакын.
24. Күлкү чыккан үйгө бакыт кирет.
25. Жоосунан жарым саат көбүрөөк чыдаган жеңишке жетет.
26. Жалбырак чөгүп, таш калкыган учурлар болот.
27. Күлүп турган бетке тартылган жааны атпайт.
28. Чай менен күрүчтүн муздагына чыдаса болот, көз менен сөздүн муздагына чыдаш кыйын.
29. Он жашында кереметтин нуру, жыйырмасында акылдын гүлү, отуздан кийин көптүн бири.
30. Ойлонсоң чеч, чечкен соң ойлонбо.
31. Сураган бир саам уят, билбеген өмүр бою уят.
32. Жаман устанын колунан кынтыксыз карапа чыкпайт.
33. Бир аз ийилгенден коркпо, өйдөрөөк түзөлөсүң.
34. Терең дайралар үнсүз агышат.
35. Көксөп чыккан жолуңда миң чакырым да бир чакырымдай сезилет.
Орусчадан которгон Жыргалбек Касаболот

Бөлүшүү:
Next Post

Май айында электр энергиясына болгон тариф көтөрүлөт

Министрлер кабинети май айында электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди сунуштай элек. Болгону аларды киргизүүнүн мөөнөтүнө карата өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Башкача айтканда, буга чейин июнь айында тарифтерди жөнгө салуу пландалган болсо, эми май айында өзгөртүлөт. Министрлер кабинети […]

Сизге жагышы мүмкүн