“Евро -2024”: Франция  Европа чемпионатынын башкы фаворити аталды

Автор

Германияда өтүүчү футбол боюнча Европа чемпиондугуна чүчүкулак тартуу алдында GOAL эксперттери Франциянын командасын болочок турнирдин чемпиондугуна негизги талапкер деп жарыялашты.

Маалыматка  ылайык, Дидье Дешамдын командасынын 2024-жылкы Европа чемпиондугунда алтын утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Фавориттердин рейтингине буга чейин Евро-2024кө жолдомо алган 21 команда кирди. Жазгы плей-офф матчтарында аныктала турган үч команда өзгөчө болду.

Чемпиондукка талапкерлер тизмесинде Франциядан кийин биринчи 10до Португалия, Испания, Англия, Бельгия, Австрия, Венгрия, Түркия, Албания жана Нидерландия бар.

Эске салсак, Европа чемпионаты 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германиянын 10 стадионунда өтөт. Евро-2024 чүчү кулак кармоо 2-декабрда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Балдардын ич катуусунун себептери

Балада ич катууга эмне себеп болушу мүмкүн? Бул тууралуу дарыгерлер айтып беришти. Рационалдуу эмес тамактануу. Эгерде бала биринчи күндөн тартып көп белок камтыган оор тамактарды алса, анда ич катуунун тез өнүгүшүнө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ымыркайлар үчүн заңдын бузулушун алдын алуу үчүн эмчек эмизүүнү сактоого аракет кылуу абдан маанилүү. Ичи каткан […]

Сизге жагышы мүмкүн