“Евро-2024”: Плей-офф оюндарына чүчү кулак ташталды

Автор

Футбол боюнча Европа чемпиондугуна калган үч жолдомо үчүн плей-офф оюндары 2024-жылдын март айында өтөт.

Украина курама командасы Босния менен, Израил Исландия менен, Финляндия Уэльс менен беттешет.

Ошентип, Евро-2024 плей-офф оюндарынын бардык жуптары белгилүү болду:

А кутусу: Польша – Эстония, Уэльс – Финляндия.

Уэльс-Финляндия беттешинин жеңүүчүсү өз талаасында Польша-Эстония беттешинин жеңүүчүсү менен финалда беттешет.

В кутусу: Израил – Исландия, Босния жана Герцеговина – Украина.

Босния жана Герцеговина – Украина беттешинин жеңүүчүсү өз талаасында Израил – Исландия беттешинин жеңүүчүсү менен финалда ойнойт.

C кутусу: Грузия – Люксембург, Греция – Казакстан.

Грузия-Люксембург беттешинин жеңүүчүсү өз талаасында Греция-Казакстан беттешинин жеңүүчүсү менен финалда беттешет.

Үч төрттүктүн тең жарым финалы 2024-жылдын 21-мартында, финалы 2024-жылдын 26-мартында болот.

Финалдын үч жеңүүчүсү 2024-жылдын 14-июнунан 14-июлуна чейин Германияда өтө турган Европа чемпионатынын акыркы катышуучулары болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Түгөлбай Казаков: Кайран кыргыз, бүркүт эле бир кезде...

Каалаганда көккө шаӊшып чыга алган, Карт дүйнөнү карап жүргөн мунардан. Кайран кыргыз бүркүт эле бир кезде Катылгандын калайманын чыгарган!   Көктөн түшпөс көкүрөгү буюгуп, Көк деӊизден чет деӊизге уюлгуп. Бороон болуп турган кайран кыргызым, Бу дүйнөгө батып-батпай удургуп.   Сынган бутту канжыгага байланып, Сыр билгизбей сыр найзаны карманып. Атасынан калган […]

Сизге жагышы мүмкүн