Евробиримдик Кыргызстанга 11 млн долларлык  грант бөлөт

Автор

Быйылкы жылы Евробиримдик Кыргызстанга жалпы суммасы 11 миллион долларлык эки грант бөлөт. Бул тууралуу  Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 3,3 миллион доллар же 293,7 миллион сому санариптештирүү секторун реформалоо программасынын алкагында берилери күтүлүүдө. Ал бюджеттик колдоо аркылуу Кыргызстанга колдоо көрсөтүү жана 2019-2023-жылдарга республиканы санариптештирүү жана трансформациялоо концепциясын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.

Ошондой эле, мектептик билим берүүнү реформалоонун алкагында Кыргызстан дагы 7,7 миллион доллар алат.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин районунан депутаттык шайлоого 32 талапкер аттанды

КР Борбордук шайлоо комиссиясы №26 бир мандаттуу Ленин шайлоо окуругунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого 32 талапкерди каттады. Бул тууралуу  БШКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, талапкер катары катталгандардын 27си эркек, бешөө аял. Белгилей кетсек, жалпысынан аталган округ боюнча шайлоого катышууга 49 талапкер катышуу ниетин билдирип, бирок анын 11и катышуудан […]

Сизге жагышы мүмкүн