Евробиримдиктин дипломатиялык башчысы Жозеп Боррель Израил Газа тилкесинде “согуштун эрежелерин” эске алышы керектигин билдирди. “Согуштун өзүнүн эрежелери бар. Жардыруулардан болгон жоготууларды эске алуусу керек”,-деген Боррель эл аралык мыйзамдарды урматтоого чакырды.
Франциянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Аль-Шифа ооруканасындагы аскерий операцияларына өзгөчө тынчсыздануусун билдирди. Анда Израилди эл аралык мыйзамдарды урматтоо зарылдыгы эскертилген.
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды
Дүй Ноя 20 , 2023
Ысык-Көл жана Соң-Көлдө балык уулоого үч жылга тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы кол койду. Мындай чечим президенттин “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу, ошондой эле балык чарбачылыгында запасты сактап калуу жана аны көбөйтүү максатында кабыл алынды. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба […]