ЕБде миңдеген тонна кофе жок кылынышы мүмкүн

Автор

Токойлорду кыюуга каршы мыйзамдан улам Евробиримдиктин кампаларында сакталган тонналаган кофе жана какао жок кылынышы мүмкүн.
Июнь айында күчүнө кирген мыйзамда Евробиримдикте  токой кыйылган аймактардан чыккан кофе, какао, пальма майы жана каучукту сатууга тыюу салат.  2024-жылдын декабрына чейинки мезгилде өндүрүлгөн жана Евробиримдиктин кампаларына жөнөтүлгөн продукциялар бул мыйзамга ылайык келиши мүмкүн экенин  Лондондун ICE биржасы жана Эл аралык соода борбору эскертти.
Эл аралык соода борборунун аткаруучу директору Памела Коук-Гамильтон эгер товар өткөөл мезгилде рынокко чыкса, ал жок кылынбай турганын белгиледи.  Ал эми кампаларда токтоп, ушул мөөнөттөн кийин жеткирүү пландалып калса, жок кылынат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте дзюдо боюнча республикалык турнир аяктады

Бишкекте ардагерлер күнүнө карата дзюдо боюнча республикалык ачык турнир аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, “Дельфин” олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары мелдештин жеңүүчүлөрү болушту. 1-орун – Сабира Кожомбердиева; 2-орун – Самира Жарова; 3-орун – Назик Шарленалиева. Белгилей кетсек, турнирге Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандан 500дөн ашык спортчу катышты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн