Дүйнөдө канча мусулман астронавт космоско учкан?

Автор

Космоско чыгуу дагы эле популярдуулугун улантууда, бирок баштапкыдай көңүл бурулбайт. Анткени космоско учуу азыр коом тарабынан кадыресе эле көрүнүш катары кабыл алынат. Чындыгында Аполлон 11 жана 12ден кийин Айга конгон астронавттар да Америка элинин күн тартибинин эң түбүнөн орун ала баштады.
Космоско учкан ондогон космонавттардын арасында мусулмандар барбы? Бул суроо берилгенде, көпчүлүгү “менимче, жок” деген жоопту айтышы мүмкүн. Анткени космоско адам жибере турган технологияга ээ болгон мамлекеттердин бири да мусулман мамлекетинин статусуна ээ эмес. Бирок, болжолдонгондон айырмаланып, ушул убакка чейин 11 мусулман астронавт космоско чыгууга жетишкен.
Космоско аттанган 10 мусулман астронавттын биринчиси – Сауд Аравиянын азыркы королу, король Салмандын уулу Султан. 1985-жылы космоско учкан Султан бин Салман космоско чыккан биринчи мусулман жана араб болгон. Андан эки жылдан кийин гана сириялык Мохаммед Фарис космоско учуп, космосто биринчи жана жалгыз сириялык болуп калды. 2006-жылы Ануше Ансари космоско чыккан биринчи жана жалгыз мусулман аял болгон.
Буга чейин космоско учкан мусулмандар:

1- Султан бин Салман – Сауд Арабиясы – 1985-ж

2- Мохаммед Фарис – Сирия – 1987-ж

3- Муса Манаров – Азербайжан – 1987 / 1990

4- Абдул Ахад Мохманд – Афганистан – 1988

5- Токтар Аубакиров – Казакстан – 1991-ж

6- Талгат Мусабаев – Казакстан – 1994 / 1998

7- Шарипов Салижан – Кыргызстан – 1998 / 2004

8- Ануше Ансари – Иран – 2006

9- Шейх Мусзафар Шукор – Малайзия – 2007

10- Айдын Айымбетов – Казакстан – 2015

11- Хазза Аль Мансури – Бириккен Араб Эмираттары – 2019

Бөлүшүү:
Next Post

Эң бай аялдардын бири өлүм жазасына кесилди

Вьетнамдагы эң бай аялдардын бири, Van Thinh Phat компаниясынын ээси, 67 жаштагы Чыонг Ми Лан өлкөдөгү эң ири банктардын бирин талап-тоногон деген айып менен сот тарабынан өлүм жазасына кесилди. Айыптоодо Ми Лан насыя алуу үчүн жасалма арыздардын жардамы менен Сайгон коммерциялык банкынан акчаны чыгарып алган. Полиция бул аракеттерден 42 миңге […]

Сизге жагышы мүмкүн