Дүйнөдөгү эң көп туристтер барган 10 өлкө аталды

Автор

2023-жылы дүйнөдөгү эң көп туристтер барган 10 өлкө түзүлдү. Бул тууралуу  World Population Review журналынын аналитиктери быйыл дүйнөнүн эң көп зыярат кылган өлкөлөрүнүн рейтингин жарыялашты.

Маалыматка ылайык, Франция 89,4 миллион меймандары  менен биринчи орунга чыкты. Ал бул наамды 30 жылдан бери аркалап келет. Экинчи орунда – 83,7 миллион турист – Испания. Үчүнчү орунда – 79,3 миллион – АКШ.

Кийинки орунда Кытай – 65,7 миллион, андан кийин 64,5 миллион конок келген Италия турат. Түркия рейтингде алтынчы орунду ээледи (51,2 миллион конок).

Жетинчи орунда (45 миллион турист) Мексика, сегизинчи орунда Таиланд (39,8 миллион) турат. Рейтингге ошондой эле Германия (тогузунчу орун, 39,6 миллион турист) жана Улуу Британия (онунчу орун, 39,4 миллион) кирген.

Буга чейин эксперттер экономикалык, социалдык жана көңүл ачуу аспектилерин эске алуу менен дүйнөдөгү жашоого эң мыкты жүз шаарды аташкан.  Анда Лондон эң жакшы шаар аталган эле.

Бөлүшүү:
Next Post

Бажы кызматы биринчи жолу 100 млрд чекти өттү

Бажы кызматы биринчи жолу 100 миллиарддык чекти өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында  билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы Бажы кызматы бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышын 117,4 млрд сомго камсыз кылган, бул бекитилген көрсөткүчтөн 22,7 млрд сомго көп.  Ал эми 2024-жылга Салык кызматы 230 млрд сом өлчөмүндө […]

Сизге жагышы мүмкүн