Дүйнөдөгү эң креативдүү футболчулар аныкталды

Автор

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борбору (CIES Football Observatory) быйылкы сезондо мүмкүнчүлүк жараткан дүйнөнүн 100 мыкты футболчусунун рейтингин жарыялады.

Маалыматка ылайык, тизмени түзүүдө  90 мүнөттөгү негизги пастардын жана ойнолгон матчтардын саны эсептелген. Бул сезондо бир команда үчүн өз лигасында кеминде 630 мүнөт ойногон оюнчулар гана эсепке алынган.

Дүйнөдөгү эң креативдүү оюнчулардын рейтингин Лига 1де 11 матчта 4 ассистке ээ болгон Пари Сен-Жермендин вингери Усман Дембеле алды.

Экинчи орунда “Бавариянын” вингери Лерой Сане, үчүнчүдө “Атлетик Бильбаонун” оюнчусу Нико Уильямс.

Эң креативдүү 100 оюнчунун арасында дүйнө жүзү боюнча 33 лиганын өкүлдөрү болгон. Премьер-Лига эң кеңири чагылдырылган – 16 лига оюнчусу мыкты 100гө кирет.

 

CIES Football Observatory маалыматы боюнча сезондун эң креативдүү 10 оюнчусу төмөнкүдөй:

 

  1. Усман Дембеле (ПСЖ)

 

  1. Лерой Сане (Бавария)

 

  1. Нико Уильямс (Атлетик)

 

  1. Килиан Мбаппе (ПСЖ)

 

  1. Мусса Диаби (Астон Вилла)

 

  1. Мохамед Салах (Ливерпуль)

 

  1. Франк Хонорат («Боруссия Мёнхенгладбах»)

 

  1. Максимилиано Нуньес (Национал Потоси)

 

  1. Иньяки Уильямс (Атлетик)

 

  1. Магнус Эйкрем (Мольде).
Бөлүшүү:
Next Post

Токаев куттуктады: Казакстандын калкы 20 миллионго жетти!

Казакстанда 20 миллионунчу тургун төрөлгөн.  Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдирүү жарыялады. «Казакстандын калкы 20 миллионго жетти!  Мекендештеримди бул маанилүү окуя менен куттуктайм!  Бактылуу үй-бүлө – улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи.  Мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, эне  жана баланы коргоо боюнча иштерди улантат»,-деп жазды мамлекет башчысы Твиттердеги баракчасына. Улуттук […]

Сизге жагышы мүмкүн