

Испаниянын түштүгүндөгү Падышанын изи (El Caminito del Rey) аттуу эң коркунучтуу жөө жүрүүчү жол бар. Жолдун узундугу 3 км, туурасы болгону 1 м, бирок айрым жерлерде катуу эскиргендиктен, туурасы 30-50 смге чейин кыскарган. Азыр жол туристтер үчүн расмий түрдө жабылды, бирок бул «адреналин ышкыбоздорун» токтото албай “Эль Чорро” капчыгайына дагы эле агылып келишүүдө.