Дыйкандар эгинди чек арага төгүштү

Автор

Польшалык дыйкандар Украина менен чектеш Дорохуске айылына украиналык жүк ташуучу унаалардан эгинди төгүштү.
Буга чейин польшалык дыйкандар Украинанын арзан данынын Польшага импорттолушуна каршы, ал эми польшалык транспорт компаниялары өз кызматтарын алда канча арзан сунуштаган украиналык жүк ташуучулардын агымына каршы иш ташташкан. Алар Украина менен чек арадагы үч негизги өткөрмө бекетти жаап, украиналык жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жеңилдиктерди жокко чыгарууну талап кылышты.
Польшанын инфраструктура министри Дариуш Климчак акциялар 1-мартка чейин токтотулушу керектигин, жүк ташуучулар менен келишимге кол коюлганын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Садыр Жапаров АКШ бийлигине катуу жооп кайтарды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына жооп берди. Анын жообун президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Эске салсак, Энтони Блинкен Кыргызстандын парламенти карап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат […]

Сизге жагышы мүмкүн