Мигранттар үчүн жаңы эреже киргизилди

Автор

Россияда мигранттар үчүн жаңы эрежелер күчүнө кирди. Россиянын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, Россия Федерациясынын аймагында иштөөгө келгендер жумушка орношууда же патент алууда атайын билдирүүнү толтурушу керек.
Бул документ патент берилген күндөн тартып эки айдын ичинде Россиянын Ички иштер министрлигинин областтык жана райондук деңгээлдеги аймактык органына берилет.
Билдирүүнү орус тилинде, кол менен же компьютерде толтуруу керек. Бул эмгек келишимине тиркелет. Документ Ички иштер министрлигинин аймактык башкармалыгына жеке өзү же почта аркылуу, же Мамлекеттик кызматтар порталы аркылуу берилет.
Жаңы норма 2024-жылдын 7-январынан тарта күчүнө кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Абдувахаб Нурбаевдин жылдызы жанабы?

Өзбекстандагы крим төбөл Салимбай Абдувалиевден жан соога сурап, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди жазалап берүүсүн өтүнгөн Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев боюнча уу-дуу кептер токтой элек. Айрым маалыматтарда, аталган депутат мандатын тапшырып, анын ордуна Абдувахаб Нурбаевдин мандат алаары айтылууда. Ал эми кээ бир билермандар Абдувахаб Нурбаевдин чет өлкөдө эс алып жүргөнүн […]

Сизге жагышы мүмкүн