reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,2363 % % 0.1
EURO 28,8450 % % -0.02
GRAM ALTIN 1.674,70 % % -0,10
ÇEYREK A. 2.738,13 % % -0,10
BITCOIN 720.001 % 0.573
Соңку кабар
reklam
Google News

Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Грузиядан алгачкы алтын медаль алып келди

Son Güncelleme :

27 марта 2023 - 9:13

reklam
Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу Грузиядан алгачкы алтын медаль алып келди
reklam

Кыргызстандык спортчу Кубанычбек Айбек уулу Грузияда өткөн дзюдо боюнча Чоң шлем турниринде алтын медаль тагынды. Эл аралык «Tbilisi Grand Slam-2023» турнири 24-мартта старт алган.

Айбек уулу 66 кг салмак категориясында алтын үчүн ат салышкан. Бул салмак категориясында  жалпысынан  41 спортчу күч сынышты.

Кыргызстандык дзюдочу 1/16 финалдан баштап, Куба, Бразилия жана Грузия мамлекетинин спортчуларын утушу менен жарым финалга жолдомо алган.

Финалга болгон жолдомо үчүн Айбек уулу дагы бир грузиялык атаандашты жеңген. Ал эми финалда Монголиянын спортчусунан күчтүүлүк кылган.

reklam