Депутат монтаж жасагандарды Кудайга койдум дейт

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов интимдик видеосу боюнча укук коргоо органдарына арыз жазган бирок, жообу келелек.
“Негизинен, ар нерсени уюштура беришип, мага 6-чакырылыштан бери иммунитет пайда болгон. Атайын, каралаган топтор бар экен, алар менин сүрөтүмдү кыркып, кесип, монтаж жасашыптыр. Мен арыз жазган менен Кудайга салып койдум”,- деген депутат.
Өткөн айларда Тазабек Икрамовго таандык делген порно көрүнтүлөр жарыяланган. Депутат муну фотомонтаж деп атап, оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланыштырган.

Бөлүшүү:
Next Post

Эреже бузгандарды тартып жөнөтүңүз

Эми жол эрежелерин бузган жарандарды көрсөңүз, 0777 102 102 номерине сүрөтүн же, видеосун тартып жөнөтсөңүз болот. Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жогорудагы WhatsApp номерин ишке киргизди. Аталган мекемеден билдиришкендей, жогорудагы номер күнү – түнү иштейт жана сүрөт же, видео жөнөткөн жарандарга чара көрүлгөндөн кийин жооп кайтарат. Бул эл менен […]

Сизге жагышы мүмкүн