reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9298 % % 0.05
EURO 31,5080 % % 0.04
GRAM ALTIN 1.953,12 % % 1,51
ÇEYREK A. 3.193,34 % % 1,51
BITCOIN 1.159.711 % 1.568
Соңку кабар
reklam
Google News

Депутат Жаныбек Абиров мушташ боюнча  үн катты

Son Güncelleme :

14 марта 2023 - 14:05

reklam
Депутат Жаныбек Абиров мушташ боюнча  үн катты
reklam

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги ресторандардын бириндеги мушташ боюнча үн катты. Эл өкүлү соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жазып, катышкан мушташ боюнча кечирим сурады. Ал  укук коргоо органдары менен кызматташып, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин жазган.

“Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет. Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм. Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын”, — деп жазат эл өкүлү.

reklam