

Бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көчмө жыйын өткөрүшөт. Анда шаардын жашоочулары менен жолугушуп, көйгөйлөрдү угушат. Ысык-Көлдүн тазалыгы, жер сатуулар, шаарды өнүктүрүү жана туризмге даярдык боюнча кеңири кеңешме өтөт.