Депутаттар  «Кыргызиндустрия» ишканасына барышты

Автор

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешов ишкана тууралуу  маалымат беришти.

Көчмө жыйындын алкагында эл өкүлдөрү «Кыргызкерамзит», «Кыргызбакча», «Кыргызтемирмык», «Кыргызтопчу» ишканаларынын ишин көрүштү. Жарасул Абдураимов белгилегендей, «Кыргызиндустрия»19 долбоорду ишке ашырып, анын 9 толук кубаттуулукта иштей баштап, өз продукциясын чыгарат. Ишкананын жалпы уставдык капиталы 1 млрд сом түзөт.

«Кыргызиндустриянын» ишмердүүлүгү конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга, жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнүн, иштеп жаткан өндүрүштөрдү жаңылоонун жана кеңейтүүнүн, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүүнүн эсебинен тармакты жандандырууга багытталган.

Талкуу маалында депутаттар долбоорлорду ишке ашырууга бөлүнгөн каржылык каражаттарды кайтаруу механизмдери, штаттык түзүмү жана «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коомун тейлөө боюнча суроолорду ортого салып, комитеттин төрагасы Данияр Төлөнов, депутат Айбек Алтынбеков бул маселелерге өзгөчө көңүл бурушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Ленин районунан депутатты шайлоого 124 миң 810 бюллетень даярдалды

Бишкекте  №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоого арналган шайлоо бюллетендерин даярдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 […]

Сизге жагышы мүмкүн