Депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алды

Автор

Бүгүн, 3-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын сунушу менен акыйкатчы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматованы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралды.

Аталган сунушту Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети карап, колдогон.

Жыйынтыгында Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушу добушка коюлуп аны 50 депутат колдоого алса 5 депутат каршы добуш берди. Көпчүлүктүн добушу менен Атыр Абдрахматова кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз циркинде эмнелер болуп жатат?

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев Кыргыз цирктин айланасындагы ызы-чууга аткаруу бийлигинин көңүлүн буруп, чечим кабыл алууну суранды. “Мага цирктин кызматкерлери кайрылып жатышат. Ал жерге дайындалган жетекчи зөөкүр экен, жамаатты кемсинтип, өз айранын чалып атыптыр. Массалык маалымат каражаттары деле жазып жатышат. Циркке таандык айбандарга болгон мамилесин өзүңөр билесиңер”, – деди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн