

Депутат Жанар Акаев кесиптешинен маек алды. Анда депутат Дастан Бекешовдун «Эверест» тоосунун лагерине, базасына чейин чыгып келгени боюнча сөз болгон. Дастан Бекешов коркпой чыгууну айтып, машыгуу да керек экенин белгилеген. «Бирок, ал жерде ава жетпей кетет. Ойлойсуң, жөн эле үйүмдө отура берсем болмок деп, бирок машыгуу керек»,- деп айткан депутат.