Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядага элчиси кызматынан бошотулду

Автор

Гүлнара-Клара Самат Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Армения Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.
Гүлнара-Клара Самат башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Эске салсак, Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп 2021-жылдын февраль айында дайындалган.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысы качкындар лагерине болгон чабуулду айыптады

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Израилдин Коргоо күчтөрүнүн Газа тилкесиндеги Рафах шаарындагы качкындар лагерине жасаган соккусун айыптады. Кол салуудан анклавдын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 45 адам набыт болгон. Гутерриш мырза мындай аракеттерди токтотууга чакырды. «Мен бул кандуу кагылышуудан башпаанек издеп жүргөн ондогон бейкүнөө жарандардын өлүмүнө алып келген Израилдин аракеттерин […]

Сизге жагышы мүмкүн