reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0115 % % 0.19
EURO 21,3833 % % -0.24
GRAM ALTIN 1.249,93 % % 0,48
ÇEYREK A. 2.043,63 % % 0,48
BITCOIN 27.160,78 % 1.738
Соңку кабар
reklam
Google News

Грецияда жетекчи эки поездди бир жөнөткөнүн мойнуна алды

Son Güncelleme :

02 марта 2023 - 15:31

reklam
Грецияда жетекчи эки поездди бир жөнөткөнүн мойнуна алды
reklam

Грекиянын Лариса шаарынын жанында жүргүнчү жана жүк ташуучу поезддер кагышкан станциянын жетекчиси эки поездди жаңылып бир убакытта жөнөткөнүн мойнуна алды.  Аталган станциянын жетекчиси кызматка бир ай мурла келген.  Ал камакка алынып, тергөө иштери башталды.

1-мартка караган түнү Лариса шаарына жакын жерде жүргүнчүлөрдү ташыган поезд жүк ташуучу поезд менен бир жол менен жөнөтүлгөндүктөн, поезддер бетме-бет кагылышкан.

Афинадан Салоникиге бараткан жүргүнчү поездде 352 адам, Катериниден келген жүк поездинде эки адам болгон.  Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен 40тан ашык  адам көз жумду. Жабыркагандар 130га жакын, анын ичинен 72си саламаттыкты сактоо мекемелеринде.

Грециядагы бул темир жол кырсыгын өлкөнүн тарыхындагы эң ири кырсык деп аташты.

reklam