Газ жарылып, көз жумгандардын саны төрткө жетти

Автор

Казакстандын Мангистау облусуна караштуу Жаңы-Өзөн шаарында эки кабаттуу үйдө газ жарылып, каза болгондордун саны төрт кишиге жеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Урандылардын астынан төрт адам тирүү чыгарылып, төрт адамдын сөөгү табылды.
Маалым болгондой, адистер эки аялды, бир эркекти жана бир баланы сактап калууга жетишкен. Жабыркагандардын алтоо ооруканага жаткырылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 17-апрелде Астана убактысы боюнча таңкы саат бештер чамасында Жаңы-Өзөн шаарынын экинчи кичи районунда 12 батирлүү үйдө газ баллон күйбөй жарылып кеткен. Кесепетинен 150 чарчы метр аянттын кире бериш бөлүгү урап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдын келип чыгуу себептери жана жагдайлары такталууда.
Урандыларды чыгаруу иштерине 40тан ашык техника жана куткаруучулар, кинологдор, Улуттук гвардиянын жоокерлери, милиция кызматкерлери жана ыктыярчылардан турган 350гө жакын адам тартылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бир жумада 18,3 миң жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Кыргызстанда 8-апрелден 14-апрелге чейин жол эрежелерин бузуу боюнча 18 миң 314 факты аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Алардын ичинен:   – Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 193;   – Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 59;   – Авто унаанын терезелерин […]

Сизге жагышы мүмкүн