Газанын башкы ооруканасы иштебей калды

Автор

Газанын кеминде 2300 адамы бар негизги ооруканасында толугу менен электр жарыгы өчүрүлгөн.  ДССУ бул кооптуу абалга алып келеринен тынчсызданууда.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газанын негизги медициналык мекемеси болгон Аль-Шифа ооруканасында электр жарыгы дээрлик толугу менен өчүп, тамак-аш жана суу тартыштыгы жаралып жатканын билдирди.  “Тынымсыз аткылоо жана жардыруулар ансыз деле оор кырдаалды курчутуп жатат. Тилекке каршы, бейтаптардын өлүмү бир топ көбөйүп, Аль-Шифа оорукана катары иштебей калды”,-деди ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Кыргызстан боюнча телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт. Себеби

Кыргызстан боюнча 14-ноябрда радио жана телекөрсөтүүлөр 8 саатка өчүрүлөт. Бул тууралуу “Кыргызтелекомдон” кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул аралыкта профилактикалык иштер жүргүзүлөт. “Кыргызстандын аймагында саат 8:00дөн 16:00гө чейин санариптик, мамлекеттик жана коммерциялык телекөрсөтүүлөр өчүрүлөт. Ошондой эле спутниктен теле жана радио көрсөтүүлөрдүн сигналы таратылбайт”, – деп айтылат маалыматта. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн