Вице-президент түшкөн учак жоголду

Автор

Африка мамлекети Малавинин вице-президенти бар учак дүйшөмбү күнү, 10-июнда эртең менен радарлардан жоголгон. Өлкөнүн президенти кеме издөө иштерин баштоону тапшырган.
Малавинин вице-президенти Саулос Чилима мурдагы юстиция министри Ральф Касамбарындын жерге берүү зыйнатына бара жаткан. Учакта тогуз адам болгон.
10-июнда эртең менен өлкөнүн борбору Лилонгведен учкандан кийин кеме радарлардан жоголгон. Учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дөн кийин өлкөнүн түндүгүндөгү Мзузу эл аралык аэропортуна конушу керек болчу.
Малави мамлекетинин президенти Лазарус Чаквера “Учак табылганга чейин операцияны улантууну буюрдум”,-деди Чаквера.
Малавинин вице-президенти Саулос Чилима 51 жашта. 2014-жылдан бери вице-президент кызматында.

Бөлүшүү:
Next Post

10 күн сайын аймактардан 800 бала эс алат

Эми мындан ары бардык региондордон 800 бала ар 10 күн сайын Ысык-Көлдөгү Алтын Балалыкта эс алат. Мындай маалыматты президент Садыр Жапаров Алтын-Балалыкта сөз сүйлөп жатып билдирди. Алтын-Балалык толук кандуу 3 жылдан бери иштеп жатат. Президент Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары учурунда Алтын-Балалык реабилитациялык балдар борборуна да кайрылып, эс алып жаткан […]

Сизге жагышы мүмкүн