reklam
reklam
hava 19° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 20,0993 % % 0.65
EURO 21,6126 % % 0.93
GRAM ALTIN 1.256,92 % % 0,56
ÇEYREK A. 2.055,06 % % 0,56
BITCOIN 27.650,00 % 0.219
Соңку кабар
reklam
Google News

Валентина Шевченко күйөрмандарына кайрылуу жасады

Son Güncelleme :

07 марта 2023 - 9:36

reklam
Валентина Шевченко күйөрмандарына кайрылуу жасады
reklam

Кыргызстандык  атактуу мушкер  Валентина Шевченко UFC 285 турниринде жеңилип калгандан кийин социалдык тармак аркылуу күйөрмандарына кайрылуу жасады.

“Колдооңор үчүн баарыңарга рахмат! Ар бириңерди баалайм! Жакшы да, кыйын да ирмемдерде мени менен болгонуңар үчүн рахмат! Оор кырдаалдар күчтүүлөрдү жаратат. Кармаш искусствосу менен жашоом алды-кийин болуп көрбөгөндөй күчтүү болуп, тез арада реванш менен кайтып келем. Кармаш катаны кечирбейт. Үстөмдүк кылып баратып жеңилип калганда көңүлүң өзгөчө ооруйт. Эч кандай актануу болбойт, болгону жан териңди төккөн машыгуу гана керек. Баарын кайрадан баштаганга даярмын. Баарыңарды жакшы көрөм», — деп жазган ал.

Эске салсак, UFC уюмунун жеңил салмактагы дивизион чемпиону Валентина Шевченко титулун сегизинчи ирет коргогону чыгып, мексикалык Алекса Гроссого жеңилип калган.  Ал эми былтыр Шевченко чемпиондук курун коргогон беттештеринин саны (жети) боюнча аялдар арасында рекорд койгон. Акыркы ирет Сингапурда бразилиялык Тайла Сантосту жеңип алган.

reklam