reklam
reklam
hava 23° Orta
DOLAR 27,1567 % % 0.12
EURO 28,9129 % % 0.02
GRAM ALTIN 1.682,11 % % 0,45
ÇEYREK A. 2.750,25 % % 0,45
BITCOIN 727.449 % -0.354
Соңку кабар
reklam
Google News

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы  Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсүн сунуштады

Son Güncelleme :

27 апреля 2023 - 15:08

reklam
“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы  Акылбек Жапаровдун кызматтан кетүүсүн сунуштады
reklam

Жогоку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы  Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинетин  оставкаган кетирүү демилгеси менен чыкты. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Телеграмм каналына жарыялады.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарын аткарбагандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясы төмөнкүдөй чечим кабыл алды.

 

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн толук курамын ээлеген кызмат орундарынан бошотуу сунушу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

 

2) Ушул Чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана тиешелүү тармактык комитеттине жөнөтүлсүн.

 

«Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаров.

reklam