Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү

Автор

Эртең Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү
Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен 10-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү деп белгиленип келет.
Футбол тарыхына кайрылсак, алгачкы жолу Кытай булактарында биздин заманга чейинки II миң жылдыкта эскерилген. Анда футбол «Цу Чю» деп аталып, ал бут менен түртүү дегенди түшүндүргөн. Бул оюн аркылуу кытай аскерлери дайыма чымыр денелүү болууга умтулушкан.
Англис тилинен которгондо Фут — бут, бол — топ дегенди билдирет. Англичандар бул топ оюнун «Бут менен гана ойнолуучу оюн» деп аташкан. 1863-жылы октябрда Лондон шаарында бул оюнга ышкыбоздордун бирикмеси түзүлгөн. Азыркы футболдун тарыхы ушундайча башталган.
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы 1992-жылы түзүлүп, 1994-жылы эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) жана Азия футбол конфедерациясынын (АФК) толук кандуу мүчөсү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Академик Абдыганы Эркебаев активисттерди куугунтуктоо туура эместигин айтты

“Жарандык коомду жана кээ бир активисттерди куугунтукка алуу туура эмес. Мына, Адахан Мадумаров жатат. Эми аныкы өткөн иш. Биз улут болуп калыптануу үчүн ынтымакта, биримдикте болушубуз керек”,- деп билдирди академик Абдыганы Эркебаев. Ал мурдагы президенттерге да куугунтукту токтотуу жана күнөөсүз жазалангандарды түрмөдөн чыгаруу боюнча маселе көтөрүп келгенин айтты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн