Бүгүн Хамас менен Израилдин ортосундагы туткундарды алмашуу башталат

Автор

Хамас  мекенине кайтып келүүгө тийиш болгон алгачкы израилдик барымтачылар  бүгүн, 24-ноябрда  бошотуусу күтүлүүдө. Ок атышууну токтотуу да  бүгүн ишке ашмакчы.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, Израилдин министрлер кабинети шаршемби күнү жактырган ок атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу келишиминин шарттары тараптар макулдашууга жетишкенден бир нече сааттан кийин кайра каралып чыккан. Алгач израилдик барымтага алынгандардын алгачкылары 23-ноябрда  мекенине кайтып келет деп пландалган, бирок андан кийин келишимди ишке ашыруу 24-ноябрга жылдырылган.

Израилдин Улуттук коопсуздук кеңеши билдирүү таратып, барымтадагылардын биринчи тобу эң эрте 24-ноябрда бошотула турганын билдирди

“Биздин барымтадагыларды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда жана алдыга жылууда. Аларды бошотуу процесси тараптар ортосунда түзүлгөн баштапкы келишимге ылайык жүрөт, бирок жума күнгө чейин башталбайт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров Азербайжанга барды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров  БУУнун Борбор Азиянын экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн Азербайжанга иш сапары менен келди. Мамлекет башчынын борту Бакунун Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна СПЕКАга мүчө мамлекеттердин желектери илинип, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.   Президент Садыр Жапаровду Биринчи […]

Сизге жагышы мүмкүн