Бүгүн Садыр Жапаров  өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

Автор

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында бүгүн, 13-июнда, КР Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышат.

Жыйын УТРКнын түз эфиринде, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда көрсөтүлөт.

Түз алып баруу саат 10:00дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте ТҮРКСОЙ уюмунун маданият күндөрү өтүүдө

Бишкек шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданият күндөрү уланууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маданият күндөрүнүн программасына ылайык, 13-июнь күнү Токтогул  Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында саат 18:30 да түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү, 40 манасчынын бирге манас […]

Сизге жагышы мүмкүн