Бүгүн Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия корутундусун чыгарат

Автор

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн корутундусун чыгаруусу күтүлүүдө.

Эске салсак, 31- майда парламентке Башкы прокуратурадан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөн.

Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

 

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Украинага дагы 1,3 миллиард доллар бөлөт

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, АКШ Украинага согуштан жабыркаган электр тармактарын оңдоо, портторду, темир жолдорду жана башка инфраструктураларды жаңыртуу үчүн 1,3 миллиард доллардан ашык кошумча жардам көрсөтөт. «Калыбына келтирүү – бул Украинанын коопсуз, көз карандысыз, Европага толук интеграцияланган жана дүйнө жүзүндөгү рыноктор менен байланышы бар өлкө катары гүлдөшүнө негиз […]

Сизге жагышы мүмкүн