Бүгүн Ленин округу боюнча шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

Автор

Бүгүн, 27-май Кыргызстанда Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун алдындагы «жымжырттык күнү». Бүгүн эртең мененки саат 08.00дө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери аяктады.

Бул күнү (шайлоого 24 саат калганда) талап үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Жалпы шайлоочулардын саны 124 миң 908 адамды түздү. Бардыгы болуп 29 адам депутаттыкка ат салышат.

Эске кетсек, Бишкектеги № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо  эртең, 28-майда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Эл өкүлү АКШга каарданды

Жогорку Кеңештин депутаты  Исхак Масалиев Кыргызстандык ишканага санкция салган  Америкага каарданды. “Биздин алар менен  эч кандай келишимибиз жок. Силер эмне үчүн жооп берген жоксуңар. Алар бизге эч ким эмес”,- деди. АКШ өткөн жумада Орусиянын ишканаларына санкция киргизген. Алардын ичинде Кыргызстандык бир ишкана бар. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн