Бүгүн Кыргызстан–Оман беттеши өтөт

Автор

Бүгүн, 11-июнда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө Кыргызстан – Оман беттеши өтөт. Футбол боюнча улуттук курамалардын мелдеши Омандын борбору Маскат шаарындагы «Султан Кабус» атындагы спорт комплексинде өтөт.
Мында кыргыз спортчулары ак, омандыктар кызыл түстөгү формалар менен чыгышат.
Аталган беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатына жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши орун алып, тең чыгуу менен аяктаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте экинчи ирет эл аралык кинофестиваль өтөт

Эл аралык кинофестиваль Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып, 11-июндан 15-июнга чейин созулат. Кинофестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок жана 200гө жакын кинорежиссер келет. Кинофестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлүп, 6 мастер-класстар жана байге фонду менен питчинг уюштурулат. Кинофестивалдын программасына ошондой эле Борбор Азия жана эл аралык сынактар, «Ретроспектива» […]

Сизге жагышы мүмкүн