

Бүгүн, 16-октябрда Дүйнөлүк Чемпионаттын тандап алуу оюндары алкагындагы “Малайзия – Кыргызстан” беттеши Куала-Лумпур шаарындагы (Малайзия) 84 миң көрүүчүгө ылайыкташкан “Букит Жалил” стадионунда өтөт.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө «Кыргыз спорт ТВ» телеканалынан түз эфирде көрсөтүлөт. Ошондой эле «Дордой плаза» соода борборунда улуттук курама команданын күйөрмандары үчүн фан-зона уюштурулат.