Бүгүн Боомдо таштарды кулатуу иштери жүрөт

Автор

Бүгүн, 13-майда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Таштарды кулатуу иштери аталган жолдун 131-чакырымында жүргүзүлөт.

«Таштарды кулатуу иштери унаа жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы саат 09:00дөн 15:00гө чейин унаа жолун маал-маалы менен жабып турат «, — деп билдиришти ишканадан.

Иш-чара Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров: "Мандатымды Шайлдабекова айым бербей койгон"

“Мен түрмөдө жатканда Өмүрбек Текебаев экөөбүзгө мандатты Нуржан Шайлдабекова бербей койгон. Эми мындай болбойт”,- деп билдирди президент Ленин райондук округунан шайлоого аттанып жаткандар менен жолугушуп жатып. Эң негизгиси, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аралашпашы керектиги айтылып, талапкерлерди добуш сатып албоого чакырды. “Бүгүн камакта жаткандардан үчөө каттоодон өттү. Мен шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкенге […]

Сизге жагышы мүмкүн