reklam
reklam
hava 20° Parçalı Bulutlu
DOLAR 27,3861 % % 0.25
EURO 29,0664 % % -0.07
GRAM ALTIN 1.627,65 % % -0,90
ÇEYREK A. 2.661,20 % % -0,90
BITCOIN 744.893 % -0.238
Соңку кабар
reklam
Google News

 Бүгүн Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат

Son Güncelleme :

22 марта 2023 - 9:58

reklam
 Бүгүн Бишкектин бир бөлүгү жарыксыз калат
reklam

Борбор калаанын кээ бир аймактарында бүгүн  жарык өчөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактары” ишканасы кабарлады.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

9:00-17:00 — Төмөнкү Ала-Арча (Кыргыз, Коллекторная, Панфилов, Чагай көчөлөрү жана Совет кууш көчөсү) айылынын бир бөлүгү, Ак-Өргө (Ак-Шоокум, Огуз-Ата, Күн-Көчө, Чамгаран, Жолон, Боз-Салкын, Саадак, Кербен, Ай-Көчө, Т.Фрунзе көчөлөрү) конушунун бир бөлүгү, Манас проспектисиндеги №7 үйдө;

9:30-17:00 — Кара-Жыгач (Дордой, Кара-Жыгач, Сары-Жаз көчөлөрү) конушу, Ак-Босого (Профессор Зима, Архитекторская, Чүй-22, Чүй-23, Чүй-29дан Чүй-36га чейин) конушу, 8-кичи райондогу №30 үй;

9:30-17:30 — Огонбаев, Западный, Курманжан датка, Гражданский, Ереван, Таллинск, Саратов, Киров, Абдумомунов, Алма-Ата көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

12.00-17.30 — 8-март, Аул, Елебесов көчөлөрүнүн бөлүктөрү.

reklam