Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 19:00дө өлкөнүн башкы балатысын жандыруу аземи болот. Андыктан саат 18:00дөн баштап иш-чара аяктаганга чейин Чүй проспектисинин бир бөлүгү тосулуп турат.
Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана тыгынды болтурбоо үчүн айдоочуларды алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.
Элдик курултайда коррупцияга каршы комиссия түзүү айтылды
Жум Дек 15 , 2023
Бүгүн, 15-декабрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Учурда курултайда жарыш сөзгө чыккандарга үч мүнөттөн убакыт берилип, ой-сунуштарын айтышууда. “Коррупция ушул кезге чейин тамыр жайып жатканда өлкөнүн финансы, экономикалык чалгындоо кызматы жана ИИМ өз милдеттерин аткарган эмес”, – мындай пикирин Оштон келген делегат Асанбек Абдыкапаров […]