Бүгүн Бишкекте Иран киносунун жумалыгы башталат

Автор

Бишкекте үч күн боюу ирандык тасмалар акысыз көрсөтүлөт.Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин билдиришти.
Маалыматка ылайык, экинчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында Иран киносунун жумалыгы өтөт.
Кинофестиваль 11-15 июнда уюштурулат.
Иш-чарада ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө тартууланат:
12 июнь:
– 13:30 — “Алдын ала келишим жок” (2022), режиссер Бехруз Шоайби;
13 июнь:
– 10:30 — “Капитан” (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;
– 13: 00 — “Факультеттеги экинчи курсум” (2019), режиссер Расул Садыр Амели;
14 июнь:
– 10: 30-” Дельфин бала ” анимациялык тасмасы (2022), режиссеру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;
– 13: 30 – “Кыздар тобу” (2022), режиссер Монир Гейди.

Бөлүшүү:
Next Post

Уруксатсыз ажылыкка барган 300 миңдей киши кармалды

Сауд Арабия бийликтери ажылык үчүн катталбаган 300 миңден ашуун адамды кармады. Арасында ажылык визанын ордуна туристтик виза менен ажылыкка барууга аракет кылган 157 миңге жакын чет өлкөлүк бар. Ажылык коопсуздук комитетинин башчысы Мухаммад ибн Абдулла Аль-Басами 8-июндан бери ажылыктын эрежелерин жана көрсөтмөлөрүн аткарбаган 140 зыяратчылар тобу жана 64 уюм кармалганын […]

Сизге жагышы мүмкүн