reklam
reklam
hava 13° Çoğunlukla Bulutlu
DOLAR 28,9632 % % 0.07
EURO 31,5298 % % 0.12
GRAM ALTIN 1.977,62 % % 2,78
ÇEYREK A. 3.233,41 % % 2,78
BITCOIN 1.156.500 % 1.186
Соңку кабар
reklam
Google News

Бүгүн “Акшумкарлар” Оман курамасы менен беттешет

Son Güncelleme :

21 ноября 2023 - 9:16

reklam
Бүгүн “Акшумкарлар” Оман курамасы менен беттешет
reklam

Бүгүн , 21-ноябрда “Кыргызстан-Оман”  беттеши болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.

Маалыматка ылайык, беттеш  2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. Учурда кыргыз футболчулары атаандашына каршы оюнга даярдык көрүп, Канттагы «Спорт Сити» комплексинин оюн талааларында машыкты.

Оюн бүгүн саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков стадионунда болот. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына кирген.

Эскерте кетсек, 16-ноябрда Кыргызстан менен Малайзиянын Куала-Лумпурдагы беттеши 3:4 эсебинде жыйынтыкталып, “Ак шумкарлар” жеңилүү ызаасын тарткан.

reklam