БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газада ок атышууну токтотуу боюнча резолюция долбоорун кабыл алды

Автор

БУУнун Коопсуздук Кеңеши АКШнын президенти Жо Байден сунуштаган Газадагы ок атышууну токтотуу жана барымтага алынгандарды бошотуу планын кабыл алуу боюнча резолюцияны жактырды. 15 өлкөнүн ичинен 14ү “макул” деп добуш берди, Россия калыс калды. План үч этаптан турат:
Биринчиси убактылуу ок атышууну токтотуу, барымтага алынгандарды бошотуу жана палестиналык туткундардын ордуна каза болгон барымтадагылардын сөөктөрүн өткөрүп берүү.
Экинчи израилдик аскерлерди Газадан толугу менен чыгарып кетүү жана согуш аракеттерин туруктуу токтотуу.
Үчүнчү АКШ жана эл аралык коомчулуктун колдоосу менен аймакты кеңири калыбына келтирүү.
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд резолюциянын кабыл алынганын кубаттады. Израил расмий түрдө планды колдоду, бирок премьер-министр Биньямин Нетаньяху ХАМАСтын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен жок кылуу зарылдыгын айтты.
ХАМАС резолюцияны колдогонун билдирди. Бирок анын шарттарын аткарууга даярдыгы белгисиз.
Израиль менен ХАМАС ортосундагы жаңжал 2023-жылдын 7-октябрынан бери уланууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте "Мектептер-2030" глобалдык форуму өтүүдө

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Мектептер-2030” глобалдык форуму өтүүдө. Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулган форумдун максаты окуу процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүүнү жакшыртуу жана билим берүү системасын күчтөндүрүү болуп саналат. Форумга 35 өлкөдөн жалпы 250дөн ашык делегаттар катышууда. Анын алкагында мугалимдер, мектеп жетекчилери, жарандык активисттер, эл аралык уюмдар, донорлор жана […]

Сизге жагышы мүмкүн