БУУнун Башкы Ассамблеясы Бүткүл дүйнөлүк туруктуу транспорт күнүн кабыл алды

Автор

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын 70-пленардык жыйынында Түркмөнстандын демилгеси менен резолюция кабыл алынып, ага ылайык 26-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк туруктуу транспорт күнү деп жарыяланды.
Документ бир добуштан кабыл алынып, БУУнун 67 мүчө-мамлекети колдоду.
«Бүткүл дүйнөлүк туруктуу транспорт күнү» резолюциясын кабыл алууда БУУнун Башкы ассамблеясы 2014, 2015, 2017 жана 2021-жылдары Ашхабаддын демилгеси менен кабыл алынган, транспорттун өнүгүүсүнө багытталган документтерге шилтеме жасады.
Учурдагы резолюция бардык мүчө-мамлекеттерди, БУУ системасынын уюмдарын Бүткүл дүйнөлүк туруктуу транспорт күнүн бул чөйрөдө калктын билимин жогорулатуу сыяктуу иш-чаралар менен белгилөөгө чакырат.
2018-жылы БУУнун Башкы ассамблеясы Түркмөнстандын демилгеси менен 3-июнду Бүткүл дүйнөлүк велосипед күнү деп жарыялаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу күтүлөт

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө бүгүн, 18-майда жакынкы бир саат аралыгында шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Буга байланыштуу министрлик жарандарды жеке коопсуздук жана материалдык чыгымдарга алып келүүчү кырсыктын алдын алуу үчүн эрежелерди сактоо менен […]

Сизге жагышы мүмкүн