Бул эмне деген чыгым? Уят барбы?

Автор

“Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасында болгону 65 кызматкер эмгектенет. Булар эмне кылышат, аны деле билбейбиз. 65 кызматкерге 1 президент, 4 вице – президент, 1 аппарат башчы, 2 кеңешчи жана 1 жардамчы бар экен.

Дагы  олчойгон айлыктарды коюп алышкан. Президент 177.000 сом, вицелер 130.000 сом, кеңешчилери 120.000 сом, жардамчысы 90.000 сомдон айлык алышаары белгилүү болду.

Депутат Жеңишбек Токторбаевдин маалыматы боюнча ишкана 1.5 жылдын ичинде 843 млн 543 миң сом каражат короткон. Бирок, бир тыйын киреше киргизген эмес. Мамлекеттен алган 1 млрд сомдун 843 млн 543 миң сомун 19 ишканага бөлүп берген. 54 млн 870 миң сомду “Кыргызиндустрия” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине айлык иретинде таркатылып берилген. Казынадан берилген 1 млрд сом максатсыз колдонулганы, учурда ишкана 300 млн сом карызга батып, кызматкерлер 3 айдан бери айлык ала албай жатканы айтылды.

Манас Осмон журналист

Бөлүшүү:
Next Post

Россия АКШнын жаңы санкцияларына жооп кылды

Россия АКШнын 500 жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул чаралар Америка президентинин администрациясы тарабынан «үзгүлтүксүз киргизилген» санкцияларга жооп катары көрүлгөн. “500 америкалык үчүн Россия Федерациясына кирүү жабылды”,-деп айтылат билдирүүдө. Чектөөгө кабылгандардын арасында экс-президент Барак Обама, ошондой эле учурдагы аткаруу бийлигинин ар кандай деңгээлдеги лидерлери бар. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн