reklam
reklam
hava 26° Parçalı Bulutlu/Rüzgârlı
DOLAR 27,3323 % % 0.1
EURO 28,9039 % % 0.19
GRAM ALTIN 1.677,98 % % 0,10
ÇEYREK A. 2.743,49 % % 0,10
BITCOIN 719.857 % 0.474
Соңку кабар
reklam
Google News

Бразилияда Пеле мавзолейи ачылды

Son Güncelleme :

17 мая 2023 - 9:07

reklam
Бразилияда Пеле мавзолейи ачылды
reklam

Бразилиянын Сантос шаарында футбол боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Пеленин мавзолейи ачылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, атактуу спортчунун сөөгү дүйнөнүн эң бийик жеринде жайгашкан «Экуменика» көрүстөнүнө коюлган. Ал эми мавзолейде футболчунун реалдуу өлчөмдөгү айкелдери бар. Күмбөздүн полу жасалма чөп менен жабылган.  Ага  каалаган адам келе алат, бирок алдын ала катталуу керек.

Пеле  — тарыхта оюнчу катары үч жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген жалгыз футболчу. Пеле Гиннесстин рекорддор китебине кирген – ал профессионалдык карьерасында эң көп гол киргизген – 1281.

Пеле 2022-жылы 29-декабрда 82 жашында каза болгон.

reklam
reklam
reklam